ИИМ: Мыйзамсыз курал-жарак жана ок-дары сатууга шектүүлөр кармалды
- 2 месяца мурун
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу аракетине бөгөт коюшту.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Талас облусунун Манас районунун тургундары ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан.
Бул факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иштин алкагында, курал сатуучуларды пара менен кармоого багытталган атайын операция уюштурулган. Сатып алуучулардын ролун милиция кызматкерлери өздөрү колго алышкан.
Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатуу учурунда 1959-жылы туулган А.С. жана 1996-жылы туулган С. Ф., аттуу жарандар кармалышкан. Алар экөө тең Талас облусунун Манас районунун тургундары болушкан.
Шектүү адамдарга таандык «Тойота» үлгүсүндөгү унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда, ок атуучу беш курал табылган. Алардын ичинен белгилери өчүрүлгөн сайлуу ок атуучу үч курал жана 5,45-калибрдеги 71даана, 7,62- калибрдеги 13 ок табылган. Ошондой эле 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу эки курал табылган.
Баштапкы маалыматтар боюнча, аталган ок атуучу куралдар катталган эмес.
Ал эми, кармалгандар УКЖга киргизилип, аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы