ИИМ мектептердеги «клубничный квик» баңгизаты тууралуу маалымат жалган экенин билдирди

  • 2 месяца мурун

Мектептердеги «клубничный квик» баңгизаты тууралуу маалымат — жалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы WhatsApp мессенджеринде мектептерде «клубничный квик» аттуу жаңы баңгизаты таркатылып жаткандыгы тууралуу маалымат жалган экендигин билдирет.

Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукка жана такталбаган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат. Ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылууну сунуштайбыз», — деп жазылат маалыматта.

Министрлик маалыматтарды таратууда сак жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты