ИИМ: Массалык башаламандыкка шектелген 11 киши кармалды. Арасында ЖК экс-депутаты бар
- 2 месяца мурун
- Видео
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы массалык башаламандыкка шектелген 11 кишинин кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 20-декабрында “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарга массалык башаламандыкты даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушууларды байма-бай уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция, митингдерин уюштуруп жаткандыгы тууралуу айтылган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 24-февралында ИИМдин тергөө кызматы “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзгөн. Тинтүүнүн жүрүшүндө далил катары: граната, чолок мылтыктар, тапанча жана ок-дарылары, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарактар (холодное оружие), унаа номерлери, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдары табылган.
ИИМдин тергөө кызматына төмөндөгү жарандар жеткирилген: 1963-жылы туулган У.К., 1956-жылы туулган Ч.А., 1983-жылы туулган И.К., 1965-жылы туулган Н.К., 1969-жылы туулган И.Д., 1965-жылы туулган Т.Дж., 1967-жылы туулган О.И., 1979-жылы туулган И.Дж., 1975-жылы туулган А.К., 1968-жылы туулган У.К., 1961-жылы туулган К.Б. Алардын арасында Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты дагы бар.
Шектүүлөргө карата тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан