ИИМ өлкөдө жүрүү эрежеcин бузган чет элдиктерге айып пулду көбөйтүүнү сунуштады

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда жүрүү жана жашоо эрежелерин бузган чет өлкөлүктөр үчүн айып пулду көбөйтүүнү демилгелеп, кылмыш-жаза кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө тиешелүү документтери жок жүргөн же мөөнөтү өтүп кеткен документтерди колдонгон, ошондой эле өлкөдө жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин чыгып кетпеген чет элдик жарандарга:

  • бир айга чейин – 5500 сом өлчөмүндө;
  • бир айдан үч айга чейин – 10 миң сом өлчөмүндө;
  • үч айдан алты айга чейин – 15 миң сом өлчөмүндө;
  • алты айдан бир жылга чейин – 17500 сом өлчөмүндө;
  • бир жылдан ашык болсо – 20 миң сом айып салынат.

Мындан тышкары чет өлкөлүк жаран өлкөгө кирүү учурунда көрсөтүлгөн иштен башка жумуш менен алектенсе же транзиттик жүрүү эрежелерин сактабаса, 10 миң сом айып пул төлөйт.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде документтин максаты өлкөдө жүрүү эрежелерин бузуунун алдын алуу болуп саналат деп айтылат. Ички иштер министрлиги азыркы мыйзамда белгиленген 5500 сом өлчөмүндөгү айыпты аз деп эсептейт.

ИИМ бул мыйзам долбоорун өкмөт 2024-жылга карата чет элдик эмгек мигранттарынын квотасын 25 миңге чейин көбөйткөн маалда сунуштады. Бирок Кыргызстанда иштеген чет элдик эмгек мигранттарынын саны квота боюнча каралгандан жана расмий катталгандан бир топ көп. Эмгек мигранттары үчүн берилген орундан тышкары миңдеген адамдардын студенттик жана бизнес визалары бар.

Апрель айында укук коргоо органдары өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 37 чет элдик жаран аныкталганын билдирген. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бангладеш жана Пакистандан келген 130дан ашуун мигрант кармалганын кабарлаган. Алардын 64үнүн миграциялык документтеринин мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты