ИИМ: Кыргызстанда кылмыштуу топту жетектеген чет элдик жаран кармалды
- 2 года мурун
Бишкекте Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адам бир катар оор кылмыштарга шектелип, Варшаванын Интерпол улуттук борбордук бюросу тарабынан издөөдө жүргөн. Ал 1969-жылы туулган А.Г.М. аттуу чет элдик жаран.
«Кармалган жаран Варшавада тоноо, опуза талап кылуу, баңги жана психотроптук заттарды сатуу, жасалма акча жүгүртүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, алдамчылык жана жасалма документтер менен алектенген кылмыштуу топту жетектеген», — деп жазылат маалыматта.
Муну бөлүшүү




