ИИМ: Кылмыштуулук деңгээли төмөндөп, кылмыш ачуу көрсөткүчтөрү жакшырды
- 3 месяца мурун
2025-жылы республика аймагында кылмыштуулуктун деңгээли бир кыйла төмөндөп, кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчтөрү жакшырды.
Бул тууралуу бүгүн, 23-январда, ички иштер министри Улан Ниязбеков жыл жыйынтыгы боюнча жыйында билдирди.
Ички иштер органдары эл аралык, мамлекеттик жана расмий маанидеги 120дан ашуун массалык иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап, одоно мыйзам бузууларга жол берген жок.
“Коопсуз өлкө” долбооруна толук өтүп, долбоордун биринчи этабы 2025-жылдын июнь айында башталган. Анын алкагында Ысык-Көл облусунда туристтик мезгилде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган “Туристтик-экологиялык батальон” түзүлүп, заманбап техника жана санариптик жабдыктар менен камсыздалды. Бул чаралар туристтик мезгилде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын кыйла азайышына өбөлгө түздү.
2025-жылы дээрлик 10 миң кылмыштын алдын алууга жетишилгени да айтылды.
ИИМ башчысы 2026-жылы “Коопсуз өлкө” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу пландалып жатканын белгилеп, анын алкагында республика боюнча 20 миңден кем эмес видеокамера орнотуларын, жаңы санариптик программалар ишке киргизилип, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жана туристтик аймактарда коопсуздук системасы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн айтты.
Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ




