ИИМ: Ири өлчөмдөгү героин ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун иши бөгөттөлдү

  • 1 год мурун

Атайын операция учурунда 100 кг ашык героин баңгизатын ташыган баңги канал уюштуруучусу, 1986-жылы туулган Тажикстан жараны К.О.А. Алматы шаарынан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан баңги ташып жүргөн.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  

ИИМдин  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, УКМКнын жана Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасы аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын сатууга адистешкен эл аралык баңги тобун кармоо боюнча атайын операция өткөрүлдү.

Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу, 1986-жылы туулган Тажикстан жараны К.О.А. Алматы шаарынан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан баңги ташып жүргөн.

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Маалымат катары: жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты