ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Египеттен кармалды

  • 2 года мурун


КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Интерпол бюросу менен Египеттин Интерполу Каир шаарында биргелешкен издөө иш-чараларын өткөрүүдө эл аралык издөө жарыяланган “Азаматулло” каймана аты бар 42 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармады.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандан, кармалган А.А. аттуу жаран кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн ички иштер министрлигинин Интерпол бюросу тарабынан издөөдө жүргөн. Ал алдамчылык жол менен жарандардын мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алууга шектелүүдө.
Египеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан шектүүгө ад мамлекеттен чыгаруу түрүндөгү административдик чечим чыгарган.
Учурда Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын жардамы менен Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкканы кабарланды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты