ИИМ экстремизмге каршы мыйзам долбоорун иштеп чыкты

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтына жарыяланды.

Негиздеме катында министр Улан Ниязбеков документ экстремизмге каршы аракеттерди жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн даярдалганын билдирген. Ал экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирди.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, өлкө аймагынын бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоого багытталган.

Конституциянын 1-беренесинде Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени жазылган.

2003-жылдан бери 21 диний бирикмеге Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты