ИИМ депутат Бекешевдин дооматы чындыкка дал келбей турганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин “ИИМ болуп өткөн окуяларга өз убагында аракет кылган жок” деген дооматы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматта мындай деп айтылат:

«Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, чакырык түшкөндө өз убагында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Бул факты өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, процессуалдык чечим кабыл алынган». 

Ошондой эле ИИМ 18-майдагы окуялар боюнча да күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты:

«Андан сырткары, 2024-жылдын 18-майына караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенет. Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат». 

Жогорудагы фактылар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтарында 9 кылмыш иши козголгон, анын ичинде бейбаштык -3, тоноо -1, каракчылык -1, массалык башаламандык -3, расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоо -1. Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 10 жаранга (6 Кыргызстандын жаранына жана 4 чет өлкөлүк жаранга) айып тагылган. 

2024-жылдын 18-майында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган.
Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга карата зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок, буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот.

ИИМ коомго каршы мыйзамсыз аракеттердин бардык катышуучуларын, чет өлкөлүк жарандарды тоноого жана сабоого тиешеси бар адамдарды аныктоону улантууда.

Бүгүн, 22-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте 13-майдагы жана 17-майда болгон окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин парламент комитетинде кароо керектигин сунуштады.  

-Өткөн жумада чет өлкөлүк жарандар менен конфликт боюнча. Мына карабайсыңарбы, окуя 12-майдан 13-майга караган түнү болгон. Милиция реакцияны жакшы берген жок. Туура, бейбаштык кылган жарандар жоопко тартылат деп айтып жатабыз, а эмнеге ошол жерде биз ички иштер министринин жоопкерчилигин карабайбыз? Эмнеге учурунда ошол замат реакция кылган жок?

-Депутаттарды, активисттерди аңдып эле жүрөт, порнофильмдерди тартып эле жүрөт, реалдуу ишти кылбайбы? Жол коопсуздугу боюнча канча көйгөй бар. Негизи уюшкан кылмыштуулук менен милиция күрөшүш керек болчу, алар күрөшө албай, ошолор менен УКМК алек болуп жатат. Бир топ эле көйгөйлөр чечилбей келет,-деди Дастан Бекешев.   

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты