ИИМ: Чек арага жакын аймактарда бирдиктүү кайгуул иштери жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков кечээ, 27-январда, Тажикстандык ички иштер министри Рахимзода Рамазон  Хамро менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки тарап чек арага жакын аймактарда бирдиктүү кайгуул иштерин жүргүзүштү.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда коомдук тартипти калыбына келтирүү, ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч-аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук тартипти сактоону макмлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө, Баткен жана Согди облустарынын ички иштер башкармалыктарынын кайгуул кызматтарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

27-январда түнкү саат 01:00 чамасында чек арада Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов тажик тарап менен сүйлөшүүлөргө катышып, Согди облусунун ИИБнин начальниги Абдулло Навджувонов менен жолукту. Алар чек арага чектеш аймактардагы кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу боюнча маселелерди талкуулашты. Кечээки күндөн бери Баткен жана Согди облусунун чек арага чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү кайгул иштерин жүргүзүшүүдө.

 Азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жергесинде кырдаал  туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн  тынч өттү, кырсыктар орун алган жок, ыкчам кырдаал туруктуу.

 Баткен ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат жана УКМКнын Чек ара кызматы, башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөөдө.  Баткен ОИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Баткен районунун Таш-Тумшук, Ак-Сай,  Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында  кыргыз-таджик милиция кызматкерлеринен биргелешип түзүлгөн кайгуулдар  жүрө баштады.

  Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен ОИИБдин өздүк курамынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын облус аймагындагы коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык аракеттерин кординациялоодо.

Азыркы учурда Баткен районунун Төрт-Көчө айылында Ош-Исфана жолдору ачык.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Баткен районунун Рават айылына көчүрүлгөн..

Ошондой эле, Жака-Өрүк, Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө, Самаркандек айыл аймагынын, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына жайгаштырылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 27-январда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу бүгүн, 28-январда да улантылары маалымдалды.

Чек арадагы кагылыштан улам, акыркы маалыматтарда Кыргызстан тараптан 11 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты