ИИМ блогер Батмакан Жолболдуеванын кайрылуусу боюнча билдирүү жасады

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги блогер Батмакан Жолболдуеванын кайрылуусу боюнча билдирүү жасады.

«Учурда Жолболдуева Фейсбук баракчасы аркылуу айткан, 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүнү, тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес.

Жолболдуева өзүнүн Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБинде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 25-декабрда блогер Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайында көргөн кордуктары, зордукталганы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты