ИИМ башкармалыгынын экс-башчысы Рафик Мамбеталиевге иш козголду
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын экс- башчысы Рафик Мамбеталиевге кылмыш иши козголду. Ал 21-октябрга чейин үй камагына алынды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ал кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жатканын билдирди. Райондук сот 13-сентябрда Рафик Мамбеталиевдин бөгөт чарасын карап, 21-октябрга чейин үй камагына алды.
УКМК Мамбеталиевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын, баңги затты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп иштеген.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү