ИИМ ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нооманжан Аркабаев көз жумду

  • 1 месяц мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Нооманжан Аркабаевдин узакка созулган оорудан кийин 2026-жылдын 26-январында дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарлады.

Нооманжан Аркабаев өмүрүнүн көп жылдарын ички иштер органдарына кызмат кылууга арнаган.

Нооманжан Аркабаев 1959-жылы 9-майда Баткен районундагы Апкан кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1966-жылы Апкан кыштагындагы Тельман атындагы башталгыч мектепке окууга кирип, 1976-жылы Кадамжай районундагы Макаренко атындагы орто мектепти аяктаган.

1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, аталган окуу жайды 1982-жылы аяктаган.

1983-жылы Фрунзе шаарындагы Октябрь райондук ведомстволук эмес күзөт бөлүмүнө катардагы милиционер катары кызматка орношкон. 1991-жылы ИИМдин борбордук аппаратына министрликтин “Бетме-бет” гезитине кабарчы, 2000-жылы башкы редактору болгон.

2002-жылы Ички иштер министринин 1-орун басарынын жардамчысы, 2005-жылы ИИМдин кадрлар башкармалыгынын башчысы, 2006-жылы ИИМдин ички коопсуздук кызматынын башчысы болуп дайындалган. .

2006-жылы Жогорку Кеңештин депутат болуп шайланган.

2009-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2012-жылдан бери жеке адвокат катары иштеген. Беш баланын атасы болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты