ИИМ: Арча-Бешикте иштеген бангладештиктердин зомбулукка кабылды дегени териштирилүүдө

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде Бангладеш Республикасынын жарандарын жергиликтүү бир тургун “мыйзамсыз кулчулукта кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуп, уруп тигүү цехинде иштетип жүргөнү үчүн” мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Жогорудагы факты 2022-жылдын 2-мартында ИИМде катталып,  тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө белгилүү болгондой, Бангладештин 14 жараны Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган. Жогорудагы тигүү цехинде “Али и Агзама” жоопкерчилиги
чектелген коом менен келишим аркылуу иштешкен жана Кыргыз  Республикасынын аймагында иштөөгө уруксат документтери болгон.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Бангладеш жарандары келишимдин негизинде иштеп жүрүшкөндүгүн билдиришкен.  Аларга карата эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөгөндүгүн, коркутуп, урбагандыгын, алар өз ыктыярлары менен тигүү цехинде иштешип, жашап, ошол жерден тамак жасап жешкендигин, убагында айлык маяна алып жүрүшкөндүгүн билдиришкен.

Бангладеш жарандары тергөө кызматына алынып келип, денелеринде күч колдонуудан же
башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Чет элдик 14 жаранга дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даяр боло элек. 
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан
териштирүү иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты