ИИМ акча опузалоого шектүү коомдук бирикме мүчөлөрү кармалганын билдирди

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош шаарында  керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өздөрүнАруу сапат” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүбүз деп, опузалап акча алууга шектүүлөр — 1986-жылы туулган М.Г. жана 1987-жылы туулган Ж.А. кармалган.   

Ички иштер органдарына Ош облусунун тургундарынан арыз түшүп, мыйзамсыз аракеттер фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.  

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ищи козголду.    

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тергөө иш-чараларын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча жүргүздү.

Анын жүрүшүндө ушул жылдын 15-декабрында Ош шаарындагы кафелердин биринде шектүүлөр 5 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.    

Өздөрүн “Аруу сапат” коомдук бирикмесинин мүчөсү деп атаган 1986-жылы туулган М.Г. жана 1987-жылы туулган Ж.А. кармалган.   

Алардан опузалап алган акча жана коомдук бирикменин күбөлүгү табылган.  

Маалыматтарга караганда, аталган коомдук биркме мындан беш жыл мурда  түзүлгөн.   

Буга чейин аталган коомдук биркменин мүчөлөрү башка дарыканада да мыйзам бузуулар болду деп, акча талап кылышкан. Алар 3 миң сом алып жатканы коопсуздук камерасына тартылып калган.

Аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Учурда 20га жакын жаран опузалоо фактысы менен кайрылгандыгы маалымдалды. Тергөө иштерин Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты