ИИМ: Айдоочулар жашаган жеринде газ-баллон орнотуууга же унаа конструкциясын өзгөртүүгө уруксат ала алышат

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги айдоочулар өздөрү жашаган аймакта газ-баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат ала алышарын, ал үчүн кандай документтерди топтош керектигин билдирди.

Азыркы учурда Баткен облусун кошпогондо, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан башка да бардык аймактык бөлүмдөрү бул кызмат көрсөтүлүп жатканы белгиленди.

ИИМДин билдирүүсү боюнча, газ-баллон жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү документтерди топтоо зарыл.

1) алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн:

— жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз;

— паспорттун көчүрмөсү;

— транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү), техникалык күбөлүк);

— транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат);

— кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоор (чийме).

2) конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатынын коопсуздук талаптарына шайкештиги жөнүндө сертификатты алууга төмөнкү документтер керектелет.

— эксперттик комиссиянын корутундусу (эксперттик комиссиянын корутундусу жоголсо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү тарабынан берилген дубликат жарактуу болот);

— транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты жөнүндө маалымкат;

— конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен транспорт каражатын техникалык кароонун диагностикалык картасы;

— транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө сертификат;

— техникалык кароонун диагностикалык картасы.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты