ИИМ: Абактагы жаран мурдагы өнөктөшүн өлтүрүүгө буйрук берген
- 12 месяцев мурун
Алдын ала даярдалып жаткан оор кылмышка бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкнрлеринин аракети менен буйрутма киши өлтүрүү фактысына алдын ала бөгөт коюлду. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында кылмыш ишке ашкан жок. Оор кылмыштын уюштуруучулары жана шериктери аныкталып, кармалды.
Оор кылмыш жасап соттолгон адамдар киши өлтүрүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан соттолгон жаран өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөшүн өлтүрүүнү көздөп, буйрутманы аткарууга киши издеп жаткандыгы аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш ортодо карыз акчадан болгон кастыктан улам уюштурулган. Адам өлтүрүүнү көздөгөн жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча соттолгону жана ал мурун мамлекеттик кызматында иштегени маалым болгон. Ал «жок кылууну» ниеттенген жаран анын мурдагы бизнес өнөктөшү болуп, отставкадгы полковник экендиги аныкталган.
ИИМдин ыкчам кызматкерлери даярдалып жаткан кылмышка өз учурунда бөгөт коюуга жетишти. Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин «Киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Оор кылмышты токтотууга багытталган бардык иш-чараларды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүздү. Буйрутма берген жаран, адам өлтүрүү кокустуктан болгон окуя болуш керектиги боюнча шарттарды коюп, фото жана видео отчет жөнөтүүнү талап кылган. Ошондой эле, «жумуш кылгандан» кийин 30 миң доллар өлчөмүндө накталай акчаны бирөөлөр алып келери айтылган.
Ыкчам кызматкерлер адам өлтүрүүнү жасалма кылып уюштуруп, кылмыштуу буйрутманын аткарылышын тастыктаган фото жана видеотасмаларды даярдашып, буйрутма аткарылганын ырастоо үчүн фоторепортаж жөнөтүлгөн. Буйрумта аткарылганына ишенген «кардар» акчаны төлөп берген.
15-декабрда ыкчам кызматкерлер «адам өлтүрүү» үчүн акчалай сыйлык алып келген отуз эки жаштагы жаранды кармашты. Ал жаран кылмышка буйрук берген адамдын жакын тууганы болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлеринин бирдиктүү ыкчам жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында буйрутма киши өлтүрүүгө бөгөт коюлду.




