ИИМ: Абакта жаткан кишинин жасалма акчага катыштыгы бар экендиги аныкталды

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош облусу боюнча кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоого катыштыгы бар экенин аныктады.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-октябрында кечки саат жетилер чамасында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн А.З., аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган.  Ал акчанын жасалма экендигин билген эместигин айтып, кайсы даректен акча алып келгенин жана ал үчүн акы төлөп беришмек экенин билдирген. Аталган кылмышка абакта олтурган Т.Д.нын тиешеси бар экендиги аныкталды.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты