ИИМ: 20дай жаран социалдык тармактарда  улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн

  • 2 года мурун

Акыркы күндөрү  социалдык тармактарда  улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Алсак, 20га жакын социалдык тармактын колдонуучулары агрессивдүү түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген билдирүүлөрдү жарыялашкан.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга үндөгөн   чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырды.
ИИМ өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. 

ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жаткандыгын билдирди. Акыркы күндөрү  социалдык тармактарда  улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Алсак, 20
жакын социалдык тармактын колдонуучулары агрессивдүү түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга (араздашууга) алып келген билдирүүлөрдү жарыялашкан.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда жогорудагы жарандар аныкталып, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына жеткирилишкен.
Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  тергөө амалдары өткөрүлүүдө.
ИИМ аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутуунукөздөгөн жарандар кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты
козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты