ИИМ 13 жыл мурда кримтөбөл Карасартовду өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын билдирди  

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы 2010-жылы криминалдык төбөл Максат Карасартовдун машинасын аткылаган кылмыштын бети ачылганын билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2010-жылы апрелде “Мазда 626” автомашинасын белгисиз бирөөлөр аткылаган, машинада кримтөбөл Максат Карасартов болгон.  

2010-жылы 12-апрелде болжол менен саат 14:00дө Бишкек шаарынын Ибраимов-Иваницын көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз уюшкан топ “Мерседес-Бенц” автомашинасында  “Мазда 626” менен жанаша келип, 1975-жылы туулган Максат Карасартов башкарып келаткан машинаны аткылаган. Андан кийин кылмышкерлер качып кетишкен.   

ИИМ 13 жыл мурда кримтөбөл Карасартовду өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын билдирди  
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Анын натыйжасында алган көптөгөн жаракаттардан улам Максат Карасартов ошол жерде жан берген.  

Ал жерди текшергенде автоматтын 7.62 мм калибрдеги атылган гильзалары табылган. Бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (1997-жылдагы редакция) . Кылмыштын бетин ачуу үчүн иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Чүй облусунун тургуну, “Протез” каймана аттуу Ш.А. шектүү деп табылган. Ал бир нече жолу соттолгон, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Ал кармалып, убактылуу жайга киргизилген.

Ошондой эле кармалган Ш.А. Чолпон-Атада Кубанычбек Коноевди өлтүрүүгө жана башка кылмыштарга шектелүүдө.  

Экинчи 1981-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Д.Ч. шектелүүдө, ал кылмыштуу топтун мүчөсү болгонун аныктады. Ал “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагулов. Ал өткөн жылы 30-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагында камерада бычакталып каза тапкан.

Азыркы учурда иликтөө иштери улантылып жатканы айтылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты