Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлык менен сыйланды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири коомдук резонанс жараткан оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга кошкон салымы үчүн сыйланды

«Эрдик» ордени менен:

-Акунбеков Таалайбек Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү,

-Алагөзов Эркин Жумакадырович – Ички иштер министрлигинин тез чара көрүүчү атайын отрядынын 4-бөлүмүнүн ыкчам өкүл-жоокери,

-Алсеитов Самат Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын башчысынын орун басары, IT-технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн башчысы,

-Жыргалбеков Аскар Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары сыйланды.

«Ардак» медалы менен:

-Ашырбаев Өмүрбек Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

-Мамырова Дамира Ички иштер министрлигинин Эксперттик криминалистикалык кызматынын башчысынын орун басары,

-Турганбаев Асылбек Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү сыйланды.

Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты