Ичимдик ичип машина айдагандыгы үчүн министрдин орун басарына айып салынды

  • 1 год мурун

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго ичимдик ичип машине айдагандыгы үчүн айып салынды.

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.  Татиковго 17,5 миң сом айып салынып, автоунаасы атайын жайга токтотулган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары рейд учурунда министрдин орун басары кармалды деген видеону жарыялашкан.

ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, өлкө аймагында “Бахус” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө. 20-декабрдан тартып, 24-декабрга чейин, кызматкерлер тарабынан 258 мас айдоочу аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Мындай рейддик иш-чаралар 8-январга чейин уланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты