Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу департамент жетекчиси кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» ири эл аралык долбоорун ишке ашырууда  архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.  

Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайды курууга Азия өнүктүрүү банкынан насыя катары департамент тарабынан алынган 1 млн 498 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын чет мамлекетке чыгарылып кетишине алып келген.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган департаменттин кызматкерлери терс репутацияны жана андан кийинки  банкроттукту эске албай, Азия өнүктүрүү банкынан жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды подрядчы компаниянын  банкрот деп таануу стадиясында турган чет өлкөлүк банктагы учурдагы эсебине которуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

2024-жылдын 3-мартында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аталган кылмышты жасоого шектүү катары Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы Х.Ш.К. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты