Хоккей боюнча Кыргызстандын командасы өз тобунда дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алды

  • 1 год мурун

Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы өз тобунда, В тобунун командалары арасында, дүйнө чемпионатында жеңишке жетишти.  

Мелдеш 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинада өттү. Анда 6 команда катышып, 5 оюн ойнолду.

Кыргызстандын улуттук курама командасы  бардык оюндарда утуп чыгып, мелдеште өз тобунун жеңүүчүсү болду.  

Бул мелдештеги жеңиш Кыргызстандын курама командасын кийинки жылдагы “А” тобуна кошту.  

Быйылкы жылы “А” тобунда Түркмөнстан, Тайбэй, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург Таиланд, Корея Элдик Демократиялык республикасы ойнойт. Ал оюн Түштүк Африка Республикасында 17-23-апрелде өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты