Хоккей: Жаштар арасында Азия кубогунун оюндары ачылды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында 27-апрелден 3-майга чейин өтүп жаткан U-18 жаштар арасындагы хоккей боюнча Азия кубогунун ачылыш аземи өттү. Турнир Nomad Arena шаардык муз аянтчасында өткөрүлүүдө.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты. Ачылыш аземинде командалар парады өтүп, барабанчылар жана аткаруучулардын катышуусунда маданий программа тартууланды.

Мелдеш алгачкы жолу өткөрүлүп, Азиянын алты Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Макао, Индонезия жана Индия улуттук курама командаларын бириктирди:

Турнирдин жеңүүчүсү хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты