Хоккей: Бишкекте жаштар арасында Азия кубогу жыйынтыкталды
- 2 недели мурун
3-майда Бишкек шаарындагы “Nomad Arena” муз аянтчасында 18 жашка чейинки оюнчулар арасында хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды.
Бул туралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Эл аралык турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Макао (Кытай), Индонезия, Монголия жана Индиянын курама командалары катышты.
Мелдештер курч атаандаштыкта өтүп, жаш хоккейчилердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү.
Жыйынтыгында 1-орун — Өзбекстан командасы, 2-орун — Кыргызстан, 3-орун — Монголиянын курама командасы.
Сыйлоо аземи Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаевдин, Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморкановдун жана спорт коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




