Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту
- 3 недели мурун
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.
Чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер беш беттештин баарында тең жеңишке жетишти.
Кыргызстандын курама командасы Гонконгду — 4:1, Түштүк Африканы — 7:2, Иранды — 15:1, Люксембургду — 5:3 жана Мексиканы — 7:4 эсебинде утту.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар мүмкүн болгон 15 упайды топтоп, турнирдик таблицанын биринчи сабын ээлеп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону болду.
Алтын медалдарды багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезонунда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт комитети




