«Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн тыюу салынган адабияттары табылды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан  20-майда Каракол шаарынын Ак-Суу районунда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган жерлерде тыюу салынган адабияттар жана баракчалар, ошондой эле флеш-карта, дисктер табылып алынды.

Бул фактылар кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча тергөө органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыш негизинде катталган жана азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» иш-аракеттердин башка фактыларын жана жашыруун ячейкалардын активдүү мүчөлүн аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси уюштурулду.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты