“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын ишине бөгөт коюлду

27-октябрда кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында, ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун лидери А.И.Т.,

И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д. аттуу активдүү мүчөлөрү кармалды.

Бул тууралуу 31-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалыматтарды камтыган каражаттар  жана каржылык маалыматтар алынган.

Алар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу

экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн.

Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы маалымдалды..

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты