«Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

  • 2 года мурун

8-декабрда УКМКнын Нарын областтык башкармалыгы жана Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү, “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна таандык фотоматериалдарды тараткан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Т.у.Б аттуу жараны кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда Фейсбук социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы  табылып алынган.

Кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты