“Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тарабынан жүргүзүлгөн диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А.С. аттуу жаран радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Х.А.С. 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты