“Хезболланын” жаңы лидери Наим Касем болду
- 2 года мурун
Ливандын “Хезболла” тобунун жаңы лидери болуп Наим Касем шайланды. Аталган топтун мурдагы жетекчиси Хасан Насралла Израилдин соккусунан кийин каза тапкан.
Бул тууралуу Associated Press маалымдады.
Анда айтылгандай, “Хезболла” тобунун жаңы шайланган башкы катчысы шейх Наим Касем өлтүрүлгөн жетекчи Хасан Насралланын саясатын жеңишке жетмейинче улантмакчы. Жаңы жетекчи 30 жылдан ашык Хасан Насралланын орун басары болуп иштеп келген.
Насан Насралла “Хезболланы” 1992-жылдан бери жетектеп келген. Ал Бейрутка абадан сокку урулганда, 27-сентябрда каза тапкан.
Сүрөттө: Наим Касем. Reuters
Муну бөлүшүү




