Харьковдогу өзбектер аткылоолорго карабастан тургундарга бекер тамак жасап берүүдө

  • 2 года мурун

Өзбекстандык Шахобиддин Юсупов 25 жылдан бери Украинанын Харьков шаарында жашайт. Калаадагы «Навруз» аттуу ресторанга ээлик кылган Юсупов согушка карабастан өлкөдөн чыгып кетпей турганын билдирүүдө.

Ал согуш маалында ресторанынын жанына талаа ашканасын уюштуруп, медиктерди, аймактык коргонуу бөлүмдөрүнүн мүчөлөрүн жана аткылоодон жабыркаган жөнөкөй харьковдуктарды бекер тамактандырып жатат.

Жергиликтүү тургундар Шахобиддинди Шаху деп атап коюшкан. Анын «Наврузу» согушка чейин шаардагы чыгыш ашканасы бар эң популярдуу ресторан болчу.
«Бул жерде бир БТР, мында танк турган. Жалпысынан алты аскердик техника болчу. Дал ушул жерде атышуу болгон, менде видеосу да бар. Жумушка келсем атышып жатышыптыр, бирок биз азыр тирүүбүз. Эгер эртең да тирүү болсок ишибизди уланта беребиз», — деди Юсупов.

Согуш башталгандан бери бомбалоолорго жана аткылоолорго карабастан «Навруздун» кызматкерлери күн сайын жеригиликтүү тургандарга ысык тамак жасап жатышат. Алардын чоң казандарына палоо, ботко жана түрдүү сорполор даярдалып, күн сайын 500дөн ашык порция тамак берилүүдө.

«Ресторандын ээси Шаху өзү да мыкты тамак жасайт. Нан бышырып, бекер палоо таратып жатышат», – деген тургундардын көбү аткылоолордон улам үй-жайсыз калып, өз алдынча тамак жасоого мүмкүнчүлүктөрү жок калган.

Харьковдо 25 жылдан бери жашаган Шахобиддин согуш башталганда шаардан чыгып кетүүнү ойлоп да койбогонун билдирүүдө.

«Мен бул шаарга келери менен жактырып калдым. Бул жакта адамдар таптакыр башкача. Орус тили менен эч кандай көйгөй болгон эмес, адамдардын 80% орусча сүйлөшөт. Азиаттарга, өзбектерге сабактар орус тилинде өтүлөт. Бул жерде тартип орнотуунун кереги жок. Мында адамдар ак көңүл, маданияттуу. Харьков эмнеге кармалып турат? Анткени ар бир тургун жардам берип жатат. Согуша алганы аймактык коргонуу бөлүмдөрүнө барып жатышат. Мен болсо тамак жасаганды жакшы билем, элге тамак берүүгө мүмкүнчүлүгүм бар. Ошондуктан ушинтип жардам берейин дедим», — деди Юсупов.

Бул күндөрү Харьков шаарын аткылоо дале токтой элек. Бирок Юсупов өлүмдөн коркпой турганын айтууда. «Кайрадан атып жатышат. Бизге тийсе эң акыркы интервью болот. Тийбесе жеңишке салымыбызды кошо беребиз», — деп кошумчалады ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты