Ханзаада Карим Ага Хандын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу президент көңүл айтты
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров ханзаада Рахим Ага Ханга, атасы ханзаада Карим Ага Хандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Сиздин атаңыз, улуу мартабалуу ханзаада Карим Ага Хан дүйнөдөн мезгилсиз өттү деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ханзаада Карим Ага Хан өз өмүрүн элдин жакшылыгына арнап, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү жаатына зор салым кошуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга үмүт жана мүмкүнчүлүк тартуулады. Анын асыл иштери, гумандуулук жана боорукердик баалуулуктары келечек муундар үчүн өрнөк болуп калат” деп айтылат телеграммада.
Ханзаада Карим Ага Хан IV 4-февралда 88 жашында Лиссабондо дүйнөдөн өттү. Ал мусулман исмаилиттердин лидери, Ага хан өнүгүү түйүндөрүнүн негиздөөчүсү болгон.
Сүрөттө: Карим Ага хан IV. unionesarda.it