ХАМАС Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты

  • 4 месяца мурун

АКШ менен Европа биримдигинде (ЕБ) террордук уюм деп тааанылган палестиналык ХАМАС тобу Израилдин согуштук аракеттерди бир аптага токтотуу сунушун четке какты. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити египеттик аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады.

Египет Катар сыяктуу эле Израил менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууда. Шаршемби күнү ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания Каир шаарында Газа тилкесиндеги ыктымал жаңы гуманитардык тыныгуу боюнча египет бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. The Wall Street Journal басылмасынын булактары кабарлагандай, бул сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады.

Израилдин сунушуна ылайык, ХАМАС 7-октябрдагы кол салуу учурунда барымтага алынган 40 адамды, анын ичинде балдар менен аялдарды жана чукул медициналык жардамга муктаж эркектерди бошотмок. Жооп катары Израил Газа тилкесиндеги операциясын бир жумага токтотуп, аймактагы тургундарга гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат бермек.

Басылманын маалыматына караганда, египеттик ортомчулар менен жолуккан ХАМАСтын жетекчилери алгач Израил Газа тилкесиндеги аракеттерин токтотуп, аскерлерин чыгарып кетиши керектигин айтышкан. Мындан тышкары алар барымтадагы адамдарды бошотуп алуу үчүн Израил түрмөдөгү бардык палестиналыктарды эркиндикке чыгарышы керектигин билдиришкен. «Бул шарттар израил тарап үчүн таптакыр ылайыксыз. Израил Газа тилкесиндеги аскердик операциясын токтотпой турганын билдирди» деп жазды The Wall Street Journal.

Буга чейин Израилдин чалгындоо кызматынын («Моссад») башчысы Давид Барнеа ХАМАС согушту токтотууну кааласа курал-жарактарын таштап, 7-октябрдагы кол салуу үчүн жооптуу болгон Газа тилкесиндеги лидерлерин өткөрүп бериши керектигин айткан.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунда 1 200 киши каза болуп, 240ка жакын адам барымтага алынган. Андан кийинки израил күчтөрүнүн Газа тилкесиндеги операциясында мерт болгондордун саны 19 миңден ашты.

ХАМАС ноябрдын аягындагы гуманитардык тыныгуунун алкагында барымтадагы 105 адамды, анын ичинде бир нече чет өлкөлүктү бошоткон. Өз кезегинде Израил түрмөдөгү 210 палестиналыкты эркиндикке чыгарган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты