Грузиянын парламенти Ираклий Кобахидзе жетектеген өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Грузиянын парламенти Ираклий Кобахидзе баштаган өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун грузин кызматы кабарлады.

Жаңы өкмөттү 84 депутат колдоп, 10 эл өкүлү каршы добуш берди.

Грузин өкмөтүнүн курамы көп деле өзгөрүүгө дуушар болгон жок: өкмөттөгү жалгыз жаңы адам – Ираклий Чиковани коргоо министри кызматына дайындалды.
Грузиянын Конституциясына ылайык, эми Кобахидзени өкмөт башчысы кылып дайындоо үчүн президент Саломе Зурабишвилинин эки күнү бар. Эгер президент бул кадамга барбаса, анда премьер-министр автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелинет.

«Демократиялык өзгөрүүлөрдүн ордуна бийликтин күчтөнүшүн көрдүк»: Грузиянын президенти башкаруучу партияны сындады:

45 жаштагы Ираклий Кобахидзе башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынан дайындалган жетинчи премьер-министр болуп калды. Ага чейинки өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили 29-январда кызматтан кетип, Кобахидзенин ордуна «Грузин кыялынын» төрагасы болгон.

Сүрөттө: Ираклий Кобахидзе. ВТА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты