Грузиянын эгемендүүлүк күнүнө карата эркиндик жүрүшү өттү

Жекшемби күнү кечинде Тбилиси шаарында Грузиянын эгемендүүлүк күнүнө карата эркиндик жүрүшү өттү.

Бул тууралуу «Кавказ жаңырыгы» басылмасы кабарлады.

Митингдин катышуучулары символикалык түрдө Грузия менен Европа биримдигинин (ЕБ) желектерин жайып, башка ураандар менен катар эле «чет элдик өкүл» мыйзамына каршы да ураандарды айтышты.

Уюлдук телефондорунун кол чырактарын жандырган жарандар «Орус мыйзамына жол жок!» жана «Орусиялык режимге жол жок!» деп кыйкырышты.

Акциянын катышуучулары бул жүрүш нааразылык мүнөзгө ээ экенин көрсөтүшкөн эмес, анткени ал улуттук майрамга карата өтүүдө. Акция катышуучуларынын саны бир нече миң деп бааланууда.

Ал арада ушул эле күнү коңшу Армениянын баш калаасы Ереван шаарында өткөн митингде жергиликтүү архиепископ Баграт Галстанян өкмөт башчылыкка баруу ниети жөнүндө жарыялады.

Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, 53 жаштагы Баграт Галстанян Еревандагы армяндардын башкы диниятчысы Гергин II ден анын «диний ишмердүүлүгүн» токтотуп турууну суранганын билдирди.

Демонстранттар бул билдирүүнү кубаттап, кол чабуу менен кабыл алышты. Ал эми «Тавуш мекен үчүн» кыймылы анын талапкерлигин дароо өкмөт башчылыкка көрсөттү.

Армениянын Баш мыйзамына ылайык, өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө демилгесин депутаттардын үчтөн бир бөлүгү сунуштай алат. Бул үчүн алар өкмөт башчылыкка өз талапкерин сунушташы зарыл.

Буга чейин парламенттеги оппозициячыл эки фракция бул сунушту колдошорун билдиришкен.

Аларга ийгиликке жетүү үчүн «Жарандык келишим» деп аталган Пашиняндын партиясы көпчүлүктү түзгөн парламенттеги көпчүлүктүн добушу керек. Алар оппозициянын бул ниетин колдомок тургай, сүйлөшүүгө да барбастыгын кыйытышкан.

Пашинян жакында эле Галстаняндын кызматтан кетүү чакырыгын четке каккан.

26-майдагы митингдин соңунда Галстанян Пашиняндын резиденциясына барып, аны менен жолугуп, кызматтан кетүүнү талап кыларын айтты.

Өкмөт башчынын резиденциясынын алдында бир аз күтүп, жооп албаган соң Галстанян тарапташтарына Республика аянтына барып, 27-майдын таңында баштала турган «жарандык баш ийбөө» акцияларынын планын талкуулай турганын билдирди.

Армениядагы миңдеген адамдардын демонстрацияга чыгышына Азербайжан менен чек ара тууралуу макулдашуу түрткү болду. Байкоочулар митингдер Ереван ЖККУдан чыгарын жарыялагандан кийин башталганына көңүл буруп келишет.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты