Грузияда жапырт толкундоолор токтой элек
- 2 месяца мурун
Грузияда премьер-министр Ираклий Кобахидзе өлкө 2028-жылдын аягына чейин Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн баш тартуу тууралуу 28-ноябрда айткандан бери, толкундоолор токтой элек.
Демонстранттар ар бир күнү кечинде Тбилисиде парламенттин алдында, башка шаарларларда да чогулууда. Полиция аларды көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу чачуу менен таратууда. Биринчи эки күнү 150 адам кармалган.
Демонстранттарды жактаган өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили 30-ноябрда, ал “жалгыз легитимдүү институт катары” президенттик мөөнөтү өтсө да, кетпей турганын билдирди.
Өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе толкундоолорду “өлкөнүн Конституциялык түзүлүшүнө каршы чыгуу” деп атады.
«Кечээ 12 министр кызматка дайындалып, 26-октябрдагы парламенттик шайлоонун негизинде өкмөттүн жаңы курамын түзүү аяктады. Эске сала кетейин, 14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтөт. Андан кийин бардык конституциялык органдар грузин элинин басымдуу бөлүгүнүн тандоосуна жараша түзүлөт» деди премьер-министр Ираклий Кобахидзе маалымат жыйында.
АКШ Грузия менен стратегиялык кызматташтыкты токтоторун жарыя кылган.
Сүрөт: Reuters