Грузияда Москва-Тбилиси багыты боюнча алгачкы аба каттамын митингдер менен тосуп алышат

  • 12 месяцев мурун

Орусиянын «Азимут» авиакомпаниясы узак убакыттык тыныгуудан кийин 19-майда алгачкы жолу Москва-Тблиси багыты боюнча түз аба каттамын аткарат.

Оппозициячыл депутат Георгий Вашадзе учуп келген орусиялыктарды митингдер менен тосуп алышарын жана оппозиция активдүү нааразылыкка өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

«Грузин бийлигин Орусия менен түз аба каттамдарынан баш тартууга мажбурлашыбыз керек. Каттамдар жанданса Грузиянын бардык аэропорттору батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылышы мүмкүн» деди Вашадзе.

Дүйшөмбү күнү ондогон адам парламент имаратынын алдында митинг өткөргөн. Бейөкмөт уюмдар менен жаштар кыймылдарынын активисттери «No Russian flights», «Грузияга каршы санкция киргизилишин каалабайбыз», «Бизди орус оккупациясы муунтуп жатат» деген өңдүү плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Орусия менен Грузиянын ортосундагы түз аба каттамдарын кайра жандандырууга байланыштуу АКШнын Тблисидеги элчиси Келли Дегнан да өз пикирин билдирди.

«Негизги суроо, эмнеге Путин Грузияга бул «белекти» азыр берип жатат? Грузиндердин көбү Путин 2008-жылкы ок атууну токтотуу келишиминдеги милдеттенмелерин аткарып, Абхазия менен Түштүк Осетиядан аскерлерин чыгарып кетсе кыйла бактылуу болушмак деп ойлойм» деди элчи.

Орус президенти Путин Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарга болгон чектөөлөрдү алып, виза режимин жокко чыгарганы 10-майда жарыяланган. Түз аба каттамдарын Орусия 2019-жылдын жайында Тбилисидеги нааразылык акцияларынан улам токтоткон.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили орус бийлигинин бул чечимин «чагым» деп атаган.

«Орусия Украинага каршы агрессиясын улантып, биздин аймакты ээлеп турган маалда түз аба каттамдарынын жанданышы жана виза режимин жокко чыгаруу — кабыл алынгыс» деп жазган Зурабишвили «Твиттер» баракчасына.

Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба байланышын калыбына келтирүүгө грузин оппозициясы, Европа Биримдиги (ЕБ) жана АКШ каршы экенин билдирүүдө. ЕБ европалык блоктун мүчөсү болууга ашыгып жаткан Грузияны Москвага каршы салынган авиациялык санкцияларды колдоп, орус учактарынын өлкө аймагына учуп келүүсүнө уруксат бербөөгө чакырды.

Сүрөттө: Тбилиси аэропорту. Архивдик сүрөт. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты