Грузияда Евробиримдикке кирүү сүйлөшүүлөрү токтоп, эл нааразычылык акциясына чыкты
- 2 недели мурун
28-ноябрда Грузиянын премьер-министр Ираклий Кобахидзе Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылга чейин токтотулганын жана Евробиримдиктин бардык гранттары менен кредиттеринен баш тартып жатканын жарыялаган. Жарыя айтылгандан кийин Грузиянын борбору Тбилисиде жана башка шаарларда эл нааразылык акцияларга чыга баштаган. Бул тууралуу DW жазды.
Маалыматта айтылгандай, Тбилисидеги каршылык акциясына аталган өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили да кошулган. «Мен бул жердемин. Бул адамдар менен биргемин. Мен дайыма мүмкүн болгон жерде болом. Биз жаңы шайлоого ээ болмоюнча бүтпөй турган каршылык башталды. Бул нерсе — өлкөнүн ичинде да, тышында да максат. Биз багынбашыбыз керек”, — деп билдирген ал.
Ал эми Paper Kartuli басылмасы Тбилисинин борбордук көчөсү Руставелиде каршылык акциясынын катышуучуларынын саны өсүп жаткандыгын жана алар парламенттин тосмосун каккылап жатышканын жазган. Борбордук Эркиндик аянтына полициянын атайын техникасы тартылып, коопсуздук күчтөрү келген.
Сүрөт: интернет булактары