Грузия парламентинин төрагасы «чет элдик агент» мыйзамына кол койду

  • 2 месяца мурун

Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили Орусиянын «чет элдик агенттер» мыйзамынын көчүрмөсү деп сынга алынып жаткан «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу «Кавказ жаңырыгы» басылмасы кабарлады.

Мыйзам долбооруна оппозиция каршы болуп, ага каршы өлкөдө нааразылык акциялар өткөн. Документти Батыш өлкөлөрү сынга алып, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили ага вето койгон. Бирок бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламентте ветону жоюуга жетиштүү добуш топтоп, аны жокко чыгарган.

Жаңы мыйзамга ылайык, августтан тарта каржылануусунун 20% сырттан болгон жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен бейөкмөт уюмдар чет өлкөлүк күчтөрдүн кызыкчылыктарын сүрөгөн уюм катары каттоодон өтө башташы керек. «Кавказ жаңырыгы» белгилегендей, Грузиядагы онлайн ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын дээрлик көпчүлүгү Батыштын фонддорунан каржыланып иштешет.

Мыйзамдын авторлору документте репрессивдүү чаралар жок экенин, ал коммерциялык эмес тармактагы уюмдардын ачыктыгын кеңейтүүгө багытталганын билдирүүдө. Алардын айтымында, мыйзам Орусиянын эмес, АКШнын мыйзамдарындагы нормаларды кайталайт.

АКШ президентинин администрациясы мыйзамдын кабыл алынганына байланыштуу Вашингтон Грузия менен мамилесин кайрадан карап чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Европа биримдигине (ЕБ) мүчө айрым өлкөлөр мыйзамга кол коюлса, Грузияны ЕБге мүчө болууга талапкер деген макамынан ажыратууга жана бул өлкө менен визасыз режимден баш тартууга чакырышкан.

Сүрөт: parlament.ge

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты