Грузия менен Молдова Евробиримдикке кошулуу үчүн арыз тапшырды

  • 2 года мурун

Грузия Евробиримдикке тездетилген жол-жобо менен кабыл алуу боюнча арыз тапшырды.

Башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын башчысы өкмөт муну 2024-жылкыга пландаганын, бирок азыркы саясий кырдаалга байланыштуу эртелеткенин билдирди.

Бул арада Евробиримдикке кошулуу үчүн арыз бергенин Молдованын президенти Майя Санду да билдирди.

Украина ЕБга кошулуу үчүн 28-февралда арыз тапшырган. Арызды Брюссель 1-мартта карай баштаган. Тарыхта мындай прецедент болгон эмес. Эреже боюнча альянска кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр узакка, айрым учурда он жылдан ашык созулат.

Маселен Сербия менен Черногория ЕБ мүчөлүгүнө талапкер макамын бир нече жыл мурун эле алган. Бирок сүйлөшүүлөр жакын арада бүтө турчудай эмес. Мындан тышкары талапкер-өлкөлөр ЕБга кошулуу ниетин референдум менен бышыкташы керек.

Украинанын ЕБга умтулуусу Конституциясында да белгиленген, бирок акыркы жылдары Брюссель бул өлкөнүн европалык келечеги жөнүндө так айтуудан баш тартып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты