“Гренландиядан колуңду тарт!” Копенгагенде Трамптын аралды аннексиялоо планына каршы чыгышты
- 2 месяца мурун
Даниянын борбору Копенгаген шаарында АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияны алуу планына каршы миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.
Демонстранттар Копенгаген шаарынын Ратуш аянтынан тартып Американын элчилигине чейин “Гренландия сатылбайт!”, “Гренландиядан колуңду тарт!” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Гренландиянын тышкы иштер министри Вивиан Моцфельд америкалык тарап менен сүйлөшүүлөрдөн кийин ыйлап жибергенин ЖМКлар жазды. «Акыркы күндөр оор болууда. Биз буга даярдандык, бирок кысым күчөп жатат» деди Моцфельд.
Учурда Гренландия аралы Даниянын курамындагы автономдуу облус болуп саналат.
Сүрөт: Johan Nilsson / TT / Scanpix / LETA
Муну бөлүшүү




