Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк сурдо чемпионаты жыйынтыкталды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда сурдо грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.  

Турнирдин жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча кадеттер бөлүмүндө 65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. 71 килограммга чейинки салмак категориясында Садыралиев Бексултан коло, 55 килограммга чейинки салмакта Тариел Садырбеков жана 48 килограммга чейинки салмак категориясында Уланов Арлен үчүнчү орунду ээледи.

Өспүрүмдөр бөлүмүндө Абдрасул Исмаилов 60 килограммга чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, 67 килограммга чейинки салмак категориясында Чолпонбек уулу Сыдык күмүш медалга татыктуу болду.

Чоңдор арасында 72 килограммга чейинки салмак категориясында Сүймөнкул Икрамов, 97 килограммга чейинки салмакта Нарту Абдурахманов жана 67 килограммга чейинки салмак категориясында Динмухамед Бигелдиев алтын медалдын ээлери болушту. Күмүш медалды 77 килограммга чейинки салмакта Дастан Рыспаев багындырды.ал эми 60 килограммга чейинки салмакта Смадияр Жумакадыров менен Миляс Марков 130 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.

Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду, биринчи орунду Түркия, экинчи орунду Иран ээледи.

Дүйнө чемпионаты 3-сентябрда башталып, 2023-жылдын 11-сентябрында жыйынтыкталат Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышып, Кыргызстандын намысын 15 балбан коргоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты