Гонконгдо көп кабаттуу бир нече үйдөн өрт чыгып, 13 киши көз жумду
- 2 месяца мурун
Гонконгдо көп кабаттуу бир нече үйдү өрт чалып, 13 киши көз жумду, 16 киши жабыркады. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы билдирди.
Тай По районунда “Ван Фук Корт” турак жай комплексинин бир нече имаратын өрт каптды. Андагы бамбуктан салынган курулуштар жана реновация учурунда каптап койгон торлор өрттөнгөн.
Адегенде турак үйдлөрдүн төрт комплекси өрттөндү деп кабарланса, тез эле өрт сегиз кварталга чейин жеткен.
Бийлик өрткө бешинчи , эң чоң деңгээлди ыйгарды.
Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Ал эми South China Morning Pos басылмасы буга чейин тургундар курулушчулардын тамеки тарткандарына даттанып келишкендигин жазды.
Полицияга күйүп жаткан имараттарда кишилер болушу мүмкүн экени тууралуу билдирүүлөр түшүүдө.
Үй жаныбарларын коргоо уюмдарынын айтымында, күйүп жаткан үйлөрдө 100дөй үй жаныбары болушу ыктымал.
Өрт тарап кетпесин деп, полиция жанаша жайгашкан эки кварталды эвакуациялады.
Сүрөт: AP/ТАСС




