Голливуд жылдызы Бай Лин Көчмөндөр оюндарына келет

Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин кыргызстандыктарга кайрылып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келерин билдирди.

Өзүнүн кайрылуусунда актриса алдыда өтө турган эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, Кыргызстанга келип, өлкөнүн маданияты, каада-салты жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Бай Лин — кытай тектүү, Голливудда жана эл аралык кинодолбоорлордо жараткан ролдору аркылуу дүйнөлүк деңгээлде таанылган актриса.

Ал дүйнө көрүүчүлөрүнө «Карга» (1994), «Кызыл бурч» (1997), «Анна жана король» (1999), «Такси 3» (2003), «Асман капитаны жана келечектеги дүйнө» (2004), «Адреналин 2: Жогорку чыңалуу» (2009) жана башка тасмалардагы ролдору менен кеңири белгилүү.

Бай Лин көп жылдык чыгармачылык жолунда ондогон көркөм тасмаларга жана теледолбоорлорго тартылып, дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү режиссёрлору жана актёрлору менен кызматташкан.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.

Сүрөттө: Бай Лин. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты