Глобалдык фонд 27, 8 млн долларлык каржылоону токтоткону жатканы маалымдалды  

  • 7 месяцев мурун

Глобалдык фонд Кыргызстан боюнча 27, 8 млн долларлык каржылоону кыргызстандык чиновниктердин айынан токтоткону жатканы маалымдалды. Бул тууралуу медицина боюнча көз карандысыз эксперт Айбар Султангазиев Фейсбук баракчасында билдирди.

“Глобалдык фонддон каржылоо болбойт, анын себеби Глобалдык фонддун (Женева) 2024-2026-жылдарга өлкөнүн арызын кароодо мамлекеттик структура өкүлдөрү катышкан эмес. Регионалдык менеджер Димитру Латичевский Кыргызстан боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калганы, анын натыйжасында өлкөгө каржы бөлүнбөшү ыктымал экендигин билдирди.

Буга чейин Глобалдык фонд 2024-2026-жылдарга өлкөгө 27,8 млн доллар каражат бөлүүнү жактырган.  Кургак учукту, балдар арасындагы ВИЧти аныктоо жана дарылоо, профпрограммалардын баары дээрлик Глобалдык фонд тарабынан каржыланып келген” деп айтылат Айбар Султангазиевдин маалыматында.

  

 

“Женевага Глобалдык фонд мамлекеттен алты адамга чакыруу жиберген, ал мамлекеттик органдар прогарамманы ишке ашырууга тартылган, ПРООН гранттын негизги алуучусу жана жарандык коомдон эки өкүл. Бирок “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясынын жыйыны  болуп, депутат Жылдыз Садырбаева контрактка кол кое турган өкүлдөрдүн тизмеси макулдашылган эместигин айткан. Ал механизмди түшүнбөйт. Бул жөн гана техникалык кеңещме болчу. Депутат министрге кайрылган. Министр бул иш менен тааныша элек болгондуктан, мамлекеттик өкүлдөрдүн барышына тыюу салып койгон. Ал өкүлдөргө барууга билет алынып, мейманканага каражат төлөнүп коюлган. Ишемби күнү алар учуп барышмак, бирок барбай калышкан. Глобалдык фонд, алардан каржы сурап жаткан Кыргызстандын мамлекеттик структураларынын өкүлдөрү келбесе, анда каржылоо тууралуу да сүйлөшүүлөр болбой турганын билдирди. Ал эми Кыргызстанга 27, 8 млн доллар бөлүнө тургандыгы үч жыл мурда эле чечилген” деп Айбар Султангазиев «Кактус медиа» басылмасына билдирген  

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты