Гидрометеорологдордун күнү. Куттуктоо

  • 4 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 16-июль – Гидрометеорология кызматынын күнүнө карата куттуктоосун жолдоду.

“Кыргыз элине кылым карыта кызмат кылып, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кызматты аткарасыздар. Аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөрдү божомолдоп, Кыргызстаныбыздагы мөңгү, суу ресурстарын климаттын оор шарттарына карабай изилдөөлөрдү жүргүзүп, өз салымыңарды кошуп келесиздер.

Кыргызгидромет кызматынын божомолдору өзгөчө дыйкан-фермерлердин тиричилигине, туризмди өнүктүрүүдө дегеле, бардык тармакта колдонулат. Ал тургай табигый кубулуштардын кесепеттерин азайтууда, табигый кырсыктардын алдын алууда, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоодо Сиздердин божомол тастыктоолорго таянабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосунда жаңы ачылган метеостанциялардан алынган маалыматтардын, кызматкерлердин тынымсыз изилдөөлөрү өлкө экономикасына, элибизге тийгизе турган терс таасирин азайтып, гидрометеорологиялык коопсуздукту камсыз кылууда” деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты