Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен келди

  • 1 год мурун

Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдалды.

“Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Эртең, 22-июнда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга расмий сапары башталат.

Иш сапардын алкагында Германиянын федералдык президенти президент Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты